"Эркин-Тоо"

Тилсиз жоодон сак бололу!

Ар бир жаран өз саламаттыгы жана бейпил жашоосу үчүн ар бир кадамына сактык менен мамиле жасоого тийиш. Кырсык айттырбай келет, ошентсе да адамдардын шалаакылыгы, кайдыгерлиги, көңүл коштугу өрттүн чыгышын шарттайт. Мамлекетке гана чыгаша алып келбестен, саламаттыкка да залалы чоң, ал эми айрым учурда өрт кырсыгы өмүрдү кошо ала кеткен учурлар катталат.

2025-жылдын 3 айынын ичинде Свердлов районунда 34 өрт кырсыгы катталып, өрттүн кесепетинен  каза болгондор жок, өрттөн келтирилген чыгаша 8 606 469 сомду түзгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери:

  • этиятсыздык менен чылым чегүүдөн – 9;
  • электр жабдуулардын техникалык эксплуатациялоосунун бузулушунан – 5;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан – 3;
  • автотехникаларын эксплуатациалоодо өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан – 5;
  • от мештерин жана морлорун туура эмес жайгаштыруудан – 4;
  • тиричилик электр буюмдардын экспл. өрт коопсуздугунун бузулушунан – 1;
  • балдардын өрткө болгон шоктугунан – 1;
  • ширетүү убагында өрткө болгон эрежелеринин бузулуусунан – 3;
  • башка себептерден – 3.

Кырсыктын чыгышына адам факторунун таасири күч экендигин тажрыйба көрсөтүүдө. Урматтуу замандаштар, кичинекей учкун да өрттүн тутанышына алып келет. Андыктан сак бололу!

Эгерде өрт кырсыгы катталса, өз учурунда 101 жана 112 телефонуна чалыңыздар.

 

Саматбек уулу Айдарбек, Свердлов

району боюнча Өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу

бөлүмчөсүнүн улук офицери, капитан