Америка Кошмо Штаттарында коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) берүү жана узартуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
АКШнын Транспорт министрлиги жана Автотранспорттун коопсуздугу боюнча федералдык администрациясы маалымдагандай, 2025-жылдын 26-сентябрынан тартып CDL күбөлүгүн төмөнкүлөр гана ала алышат: жашыл карта ээлери, ошондой эле H-2A, H-2B жана E-2 жумушчу визасы менен жүргөн чет өлкөлүктөр.
Ал эми социалдык камсыздандыруу номери (SSN) жана жумушка уруксат документи (EAD) болгону менен иммиграциялык статусу жок адамдарга мындай күбөлүк берилбейт жана узартылбайт.
Тышкы иштер министрлиги АКШда жүк ташуучу жана коммерциялык транспорт айдаган кыргызстандыктарды документтеринин толуктугуна алдын ала көңүл бурууга чакырды.