"Эркин-Тоо"

ТИМ башчысы БУУнун өкүлү менен жолугуп, чек арадагы абал тууралуу айтты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Борбордук Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү жана уюмдун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушуу бүгүн Астана шаарында Азиядагы ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинин алкагында болгон.
Кулубаев 14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга карата куралдуу кол салуусу жана андан жапа чеккен чек ара аймактарындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берген.
Министр кыргыз тарап бардык талаштарды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин кармана турганын белгилеп, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин жана эки тараптуу келишимдерди сактоого умтуларын ырастаган.
«ТИМ башчысы БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун чыр-чатактардын алдын алуудагы, ошондой мамлекеттердин ортосундагы конфликтилердин курч фазаларына өз убагында чара көрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи. Аймактык борборду бул багытта жигердүү иш алып барууга чакырды», — деп жазылган маалыматта.
Жолугушууда Кыргызстандын БУУ алкагында, анын ичинде аталган борбор менен туруктуу өнүгүүнү бекемдөө, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу, кызматташуу маселелери да талкууланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!