"Эркин-Тоо"

ТИМ Инандыга байланыштуу түрк элчисине нота тапшырды

КР Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыга байланыштуу түрк элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, элчи президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен чакырылганын кабарлады.

Кыргызстан Түркиянын аракетин: «Адам укугу боюнча жалпы декларация жана Жарандык, саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты одоно бузат. Кыргыз тарап Түркияны Орхан Инандыны кайтарууга жана ага эл аралык укуктук жоболор боюнча мамиле жасоого, зомбулук жана басынтууга жол берилбешин камсыз кылууга чакырат”, — деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Орхан Инандыны түрк жараны деп тааный турганын билдирген. Элчи түрк тарап аталган операциянын Кыргызстандын аймагында болгону жөнүндө жарыя кылбаганын айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыны кыргыз жараны катары мекенине кайтарууга, Баш мыйзамга жана эл аралык укуктук жоболорго ылайык, анын укугун коргоого бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Эске салсак, кыргызстандын жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!