Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кулаган учакта кыргыз жарандары бар-жогу боюнча маалымат текшерип жатат.
Кырсыкка учураган Embraer 190 учагынын бортунда 67 адам, анын ичинде экипаждын 5 мүчөсү болгону маалымдалууда. Айрым маалымат каражаттары жүргүнчүлөрдүн көбү Азербайжандын жарандары экенин, андан сырткары учакта Орусиянын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандары да бар экенин кабарлашкан.
Ал эми Tengrinews.kz басылмасы Казакстандын Транспорт министлигине таянуу менен учакта Казакстандын 6 жараны жана Кыргызстандын 3 жараны болгонун билдирди.