"Эркин-Тоо"

Орусиядагы өнөр жай ишканасындагы жарылуу

9-августта Орусиянын Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасында болгон жарылууда алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган эмес. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар өрттү өчүрүүдө.

Белгилей кетсек, Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарында 9-август күнү эртең менен катуу жардыруу болуп, ишканадагы бардык жумушчулар эвакуацияланган.