"Эркин-Тоо"

ТИМ: Түркиядагы өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркиянын Стамбул шаарындагы өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Стамбул шаарындагы көп кабаттуу имаратта чыккан өрттүн кесепетинен имаратта оңдоо иштерин жүргүзгөн 29 адам каза болгон.

«Жергиликтүү органдардын алдын ала маалыматы, боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок», — деп белгилешти ведомстводон.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!