КММА медициналык борборунда бөбөктүн чарчап калышы боюнча кылмыш иши козголгонун Октябрь РИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси («Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткаруу») боюнча иш козгогон.
«Айыпталуучулардын аракетине экспертизанын жыйынтыгы менен баа берилет», — дешти милициядан.
Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду. Бул наристенин өлүмү тууралуу маалыматты Facebook аркылуу адвокат Канат Хасанов айтып чыккандан кийин билинип, талкууга түштү.
Ал эми каза тапкан кыздын атасынын айтымында, 3 жаштагы кызынын төрт тишине кариес түшүп, “Дентомакс” жеке стоматологиялык клиникасына тазалатканы алып барышкан.Дарыгерлер ага «Севоран» дарысын жыттатып, тишин тазалайбыз дешкен, бирок ага ийне сайышкан жана кыз ошол бойдон ойгонбой калган.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бул факт боюнча териштирүү башталганын кабарлаган.