"Эркин-Тоо"

Тизгинин тартчу кез келдиби?

Акыркы он жылдан ашуун мезгилден бери мамлекеттик программалар аркылуу айыл чарбасына жана ишкерчиликти колдоо багытында банк аркылуу жеңилдетилген шартта каржылоо жүргүзүлүүдө. Жыл өткөн сайын мамлекеттик колдоо программаларынын көлөмү өсүп, бюджеттен аз эмес көлөмдөгү каражаттар бөлүнүп келди. Бирок ошол каражаттар канчалык максаттуу пайдаланылды? Эсибизде, Садыр Жапаров бийликке келген алгачкы жылдары Коопсуздук кеңешинде жеңилдетилген кредиттердин 3%ы гана фермер-дыйкандарга, а калган бөлүгү атка минерлер жана алардын жакындары, бизнесмендер ортосунда таланып-тонолуп кеткени жөнүндө айтылып, тиешелүү органдарга иликтеп чыгуу тапшырылган болчу. Андан бери эки жылга чамалап калды, бирок азырынча жыйынтыктуу иш боло элек.

Жакында Президент Садыр Жапаровдун чечими менен “РСК Банк”, “Айыл Банк”, Кепилдик фонду жана башка кичи кредиттик компаниялар тарабынан мамлекеттик программалар боюнча жеңилдетилген кредиттерди берүү жана анын максаттуу пайдаланылышын иликтеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү белгилүү болду. Албетте, элдин чөнтөгүнөн чогулган мамлекеттик каражаттын ар бир тыйыны өз максатында жумшалышы керек. Мамлекеттин акчасын жеке өзүнүкүндөй көрүп оңду-солду “тараткан” билермандардын тизгинин тартчу кез келди окшойт. Эми да болсо мыйзам бузуп, өзүм билемдик кылгандардын жүзү ачылып, бул тармакта тартип орнойт чыгар деген үмүт бар.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!