"Эркин-Тоо"

Тоң районунда Үч-Коргон суу сактагычы курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тоң районунда көлөмү 4,3 млн м3 түзгөн Үч-Коргон сезондук жѳнгѳ салуу бассейнинин курулушуна капсула салды.

Бассейнди куруу Тоң дарыясынын вегетациялык эмес агымын жөнгө салуу менен аймактагы сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Тоӊ районундагы Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана Тоӊ айыл өкмөттөрүнүн 4 113 га сугат жерин суу менен камсыздоо жогорулайт жана 817 га жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Курулуш иштерин бүтүрүү 2025-жылдын декабрь айына мерчемделген.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!