"Эркин-Тоо"

Тоң районунда каза болгон 45 жаштагы кош бойлуу келиндин окуясын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда каза болгон 45 жаштагы кош бойлуу келиндин окуясын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 20-январда саат 23:15те Тоң районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна 45 жаштагы кош бойлуу келин толгоо сыяктуу оору болуп жатканын айтып кайрылган.

Ал кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттөгү акушер-гинеколог тарабынан кароо жүргүзүлгөндө абалы канааттандырарлык деп бааланып, патология бөлүмүнө жаткырылган.

Келиндин абалы түнкү саат 02:10до дааратканага барып келгенден кийин начарлап, кан басымы түшүп кеткендиктен жандандыруу бөлүмүндө которулган. Бирок ал дарыгерлердин көргөн чараларына карабастан көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун деңгээлинде окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.

Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуунун медициналык документтерине анализ жүргүзүлүп жатканын, өлүмдүн себеби соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан кийин аныкталарын кошумчалады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!