"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Тогуз айда 655,3 миң тонна көмүр казылды

«Кыргызкөмүр» ишканасы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында жалпысынан 655,3 миң тонна көмүр өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды.

Маалыматка караганда, ишкана учурда 23 лицензияга ээ — алардын 15и кен иштетүүгө, ал эми 8и геологиялык чалгындоого берилген. Азыркы тапта 6 кенде толук кандуу көмүр өндүрүү иштери жүрүп жатат.