"Эркин-Тоо"

Тогуз-Тородо төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Тогуз-Тородогу «Саймалуу-Таш» петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында «Саймалуу-Таш санаты» аталышындагы төкмө акындардын республикалык айтышы өттү.

Аталган айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин колдоосу менен Кыргыз улуттук «Манас» театры, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулду.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, анда Абдылда Нуралиев баш байгени багындырды. Азамат Болгонбаев 1-орун, Тынчтыкбек Эсенбай Уулу 2-орун, Темирбек Матыбаев 3-орунду ээлешти.

Белгиленгендей, 6-ноябрда Бишкекте төкмө акындардын «Саймалуу-Таш санаты» аталышындагы республикалык айтыштын тандоо туруна жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынган. Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сомду түздү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!