Токмок шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунда патология менен төрөлгөн ымыркайлардын жана балдардын соматикалык бөлүмү ачылды.
Жалпы аянты 634 чарчы метр болгон эки кабаттуу бөлүм тамбур, вестибюль, күтүү зонасы, бөлүм башчынын бөлмөсү, каттоо жайы, кароо бөлмөсү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, кызматкерлердин бөлмөсү, медайымдардын бөлмөсү, стерилизация бөлмөсү, алты күндүзгү стационар бөлмөлөрү, душ бөлмөсү, эмдөө бөлмөлөрү, процедуралык бөлмөлөр, медициналык буюмдарды сактоо жана чарбалык бөлмөлөрдү камтыйт.
Ошондой эле имарат медициналык жабдуулар жана керектүү эмеректер менен толук камсыздалган.
Бөлүмдүн имаратынын курулушу толугу менен “Ас-Сафа борбору” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан жалпы суммасы 42 млн сомдон ашык каражатка каржыланды.