"Эркин-Тоо"

Токмок шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген 7 гектарлык көлмө мамлекетке кайтарылды

Токмок шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген 7 гектарлык көлмө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалы тарабынан 2001-жылда берилип, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте катталбаган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде 7,76 га жер аянттына (көлмө) мыйзамсыз ээлик кылып келгендиги аныкталган.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментине жогорудагы жер аянтына укук күбөлөндүрүүчү документтерин алуу менен мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилген.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен жогорудагы 38 млн 800 миң сомдук 7,76 га жер аянты жеке чарба жүргүзүүчү субъектинин мыйзамсыз ээлигинен Балык чарба департаментинин карамагына кайтарылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!