Токмок шаарында «Базальт Эвотек» заводунун курулушуна мезгил кутучасы салынды.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев бул долбоор Кыргызстандын өнөр жайын индустриялаштыруунун жаңы этабынын башаты болуп саналат. Заводдун курулушуна 42 миллион доллар инвестиция жумшалды. Ал ишке киргенде жылына 5 миң тонна базальт буласын өндүрмөкчү.
«Базальт ишканасы курулуш тармагындагы импортко көз карандылыкты азайтып, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», – деди Касымалиев.
Төраганын маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 334,4 миллион долларлык инвестиция менен 77 жаңы ишкана ишке кирип, 6 миңден ашуун жумуш оруну түзүлдү.