Токмок шаардык төрөт үйүндө салмагы 5 кг болгон ымыркай кыз төрөлдү. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясы кабарлады.
Шаар башчысы Алтынбек Эргешов ымыркайдын апасына 10 000 сомдук куттуктоо сертификатын тапшырды. Мэр эне-балага бекем ден соолук жана бакыт каалады.