"Эркин-Тоо"

Токмокто жаранды 1 млн сомго алдап кеткен адам кармалды

Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Токмок ШИИБне арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылып, ал июлдун аягында М.Л. аттуу жаран алдамчылык жол менен ишеничке кирип, баасы бир млн сомдон ашкан сатылуучу буюмдарын сактап берем деп, бирөк өзүнө алып койгонун билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан кылмышка шектелип М.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!