Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 210 миң сом алып жаткан учурунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Ж. жана В.Ш. кармалган. Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, Токмок шаарынын тургунунан коркутуу жолу менен 2500 доллар талап кылышкан.
2023-жылдын 26-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Ж. жана В.Ш. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.