"Эркин-Тоо"

ТОКОН МАМЫТОВ АКАДЕМИЯГА КЫЗМАТКА БАРДЫ

Кыргызстанда кызматтык бактыга ченебей ээ болуп, ооматтан эзели ооп көрбөгөн бир инсан бар. Ал Токон Мамытов! Кудайдын сүйгөн пендесине айланган генерал-лейтенант эзели бир күн кызматсыз калганын уктуңар беле? Жакындан бери Токон аксакал Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчылыгын аркалай баштады. Бийик посттордо турганда аратородо илимий ишти кошо ала-жүргөн экен, саясий илимдердин доктору наамынын жарыгы эми тийип, жаштардан кем калышпай ишке киришкен кербези. 70 жашка келсе да “арыдым-карыдым” дебеген аксакал пенсиясын карап отура бербей, кирди-чыкты иштей берсин да, туурабы? Анан калса Токон аксакалдай бийик тажрыйбага баарыбыз эле ээ эмеспиз го…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!