Учурда Борбор Азияга дүйнөнүн кызыгуусу артууда. Америка, Кытай, Япония, Европа өлкөлөрүнүн биргелешкен саммиттерин көрүп жатабыз. Албетте, дүйнө менен кызматташуу зарыл. Бирок, эң алды коңшу өлкөлөр өздөрү биримдикте, ынтымакта болуусу шарт. Ооба, учурда алгылыктуу иштер жүрүүдө. Ортодо келишимдер түзүлүп, абройлуу уюмдар иш аткарууда. Ушул маселе боюнча Токон Мамытовду кепке тарттык.
— Токон Болотбекович, азыркы геосаясий кырдаалда Борбор Азия кызматташтыгынын чыңдалышы зарыл болуп турат. Кечээ кандай эле, бүгүн эмне кылышыбыз керек?
— Борбор Азия союзу жана кызматташуу идеяларынын түзүлүшү жана трансформациясынын хронологиясы 1991-жылы башталган. Маселен, 1991–1993-жылдары алгачкы координациялоо иштери старт алган. Анткени, 1991-жылдын 8-декабры СССР ыдырап, КМШ түзүлөт. Борбор Азия мамлекеттери КМШга киргенине карабастан, өзүнчө субрегиондук форматтын зарылдыгын түшүнө башташат. 1993-жылы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан арасында (Ташкент) Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлат. Бул үч тараптуу жакындашуунун биринчи расмий документи болуп эсептелет. Ошентип, 1994–2001-жылдары Борбор Азия ошол келишим менен иштеп, 1994-жылдын 10-январында Назарбаев, Акаев жана Каримов Борбор Азия союзун (БАС) түзүшөт. Анын максаты – экономикалык интеграция, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек күчүнүн эркин жүрүшүн камсыз кылуу болот. 1998-жылдын 26-мартында Астанада БАСка Тажикстан кошулат. Ошондо БАС Борбор Азия экономикалык коомчулугуна (БАЭК) атын өзгөртөт. Соода-экономикалык кызматташууга басым күчөтүлөт. 2001-жылы БАЭК Борбор Азия кызматташтык уюмуна (БАКУ) айланып, максаттары кеңейет. Коопсуздук жана суу-энергетикалык маселелер кошулат.
— Россия качан кошулган?
— Россия 2004-жылы аталган интеграция уюмга, БАКУга кошулат. 2005-жылдын 6-октябрында БАКУ жоюлуп, Евразия экономикалык коомчулугуна (ЕврАзЭС) деп аталган уюмга интеграцияланат. Негизинен БАКУ жоюлгандан кийин регионалдык демилгелер ар башка алкакта ишке аша баштайт. Атап айтсак, ЕврАзЭС (2014-жылга чейин), ЖККУ (аскерий-саясий тармак), ШКУ (Кытай жана Россиянын катышуусу менен). 2017-жылы Өзбекстандагы бийлик алмашуудан кийин, тагыраагы Ш.Мирзиёев келгенден кийин активдүү регионалдык дипломатия башталат. 2018-жылдын 15-мартында Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин 1-Консультативдик жолугушуусу өтөт (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан). Максат — «бештик» форматындагы туруктуу диалогду калыбына келтирүү болгон. 2019-жылы Ташкентте 2-жолугушуу өткөн. 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстанда 3-жолугушуу өтүп, соода, транспорт жана маданият боюнча бир катар келишимдерге кол коюлат. 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында 4-жолугушуу өткөн. Анда Чолпон-Ата келишими, Борбор Азияда XXI кылымда достук, жакшы коңшулук жана өнүгүү жөнүндө документ кабыл алынат. Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кол койгон. 2024–2025-жылдары интеграциялык иштер күчөдү. Былтыр Борбор Азиянын Коопсуздук жана туруктуу өнүгүү боюнча кеңешин түзүү идеясы талкууланды. Быйыл Ташкентте 6-жолугушуу өтөт. Күндөлүк темалар: климаттык чакырыктарга жооп кайтаруу, азык-түлүк коопсуздугу жана транспорт-логистикалык коридорлорду реформалоо. Белгилей кетишибиз керек, азыр сүйлөшүүлөр тышкы державалардын үстөмдүгүсүз өтүп жатат. Бул эң негизги жетишкендик. Бирок, Кытай, Россия, ЕБ жана Түркия менен ачык кызматташтыктагы XXI кылымдагы Борбор Азия союзунун бейрасмий модели кызуу талкууланууда. Биз ушул алкакта иш жүргүзө беришибиз зарыл.
— Жогоруда сөз кылган Чолпон-Ата келишиминин негизги жоболоруна токтоло кетсеңиз?
— 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өзгөчө мааниде экенин айтып коюшум керек. Эксперттер аны аймактык интеграцияны, мүмкүн болушунча, тышкы күчтөрдүн түздөн-түз аралашуусуз өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам катары баалашууда. Келишимдин негизгилерине токтолсом, эң башкысы күч колдонбоо жана геосаясий көз карандысыздык. Анда тараптар бири-бирине карата күч колдонбоо же күч колдонуу менен коркутуудан баш тартууга жана тынчтык менен коопсуздукту камсыздоо багытында аракеттерин координациялоого макул болушкан. Бул жобо документтин негизги пункттарынын бири болуп саналат. Экинчиси, Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык өнөктөштүгү. Аталган келишим Борбор Азиядагы беш мамлекеттин тереңдетилген кызматташтыгына тарыхый мүмкүнчүлүк ачары белгиленген. Формалдуу түрдө документке үч өлкө кол койгон, бирок Тажикстан менен Түркмөнстан ички тартиптик жол-жоболор аяктагандан кийин кошулаары күтүлгөн. Үчүнчүсү, консультациялар жана координация механизмдери. Ал келишимге ылайык, коопсуздук кеңештеринин катчылары жана тышкы иштер министрлери деңгээлинде үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү механизми түзүлөт. Мындай жолугушуулар жылына эки иреттен кем эмес өтүшү керек. Максаты – регионалдык коркунучтарга ыкчам жооп берүү жана бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу. Төртүнчүсү, инфраструктура жана соода-логистикалык тармакты өнүктүрүү. Документте чек арага жакын жайгашкан соода-экономикалык хабдардын тармагын түзүү каралган. Бул система товарларды жеткирүүнүн бирдиктүү механизмин (Common Goods Transmission System) өнүктүрүүгө, инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюуга жана экономикалык өз ара байланыштуулукту күчөтүүгө багытталган. Мына ушуларды ишке ашырып, келишимдерди так сактасак, биздин ортодо ынтымак орноп, дүркүрөгөн өнүгүүгө карай кадам шилтей беребиз.
— Глобалдык өзгөрүүлөр шартында Борбор Азиянын ролун күчөтүү үчүн дагы кандай комплекстүү нерселерди иштеп чыгышы керек деп ойлойсуз?
— Дүйнөлүк күч борборлорунун атаандаштыгы күчөгөн, климаттык чакырыктар, энергетикалык өнүгүү жана экономиканын санариптешүүсү жүрүп жаткан учурда Борбор Азия өлкөлөрү өз аракеттерин бир катар маселеде макулдашып жүргүзүүгө тийиш деп эсептейм. Бул үчүн аймактагы мамлекет башчылары төмөнкү стратегиялык демилгелерди биргелешип карап чыгып, ишке ашыруусу зарыл. Мен айрымдарына токтоло кетишим керек. Маселен, суу-энергетикалык коопсуздук жана климаттык туруктуулук керек. Анда чектеш сууларды акылга сыярлык пайдалануу боюнча өз ара милдеттенмелерди, гидротехникалык жана ирригациялык объектилерди биргелешип модернизациялоону, суу булагы болгон жана керектөөчү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын сактоону тартипке келтирүү шарт. Ошондой эле транспорт-логистикалык интеграцияны күчөтүү зарыл. Атап айтсам, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун тездетип ишке ашыруу, тарифтерди жана транзиттик эрежелерди шайкеш келтирүү, өлкөлөрдүн Кытай жана Европа рынокторуна кыска маршрут аркылуу чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, БАнын бирдиктүү транспорттук жана транзиттик коридорун түзүү, транскаспийдик маршрут жана Орто коридор аркылуу дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына кошулуу, Бажы процедураларын санариптештирүү жана бирдиктүү форматка келтирүү деген маселелер күн тартибинде турат.
Зулпукаар Сапанов