"Эркин-Тоо"

Токтогул шаарынын мэри УКМК тарабынан кармалды

 Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланыш түзгөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы кварц кени жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган Т.Э.А. белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар  Ч. Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон. Андан соң жогоруда аталгандар күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан.

Аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен бирге Токтогул шаарынын мэри алып турган.

Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана  иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!