Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 205 куб метрди түзүүдө. Былтыр ушул күну суунун көлөмү 11,7 млрд куб метрди түзгөн.