20-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 625 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 298 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 221 куб метрге жетүүдө.