Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат.
«Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 440 мегаватт болот. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт», — деп айтылат маалыматта.