"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Токтогулда 3600 көрүүчү баткан стадиондун ачылышы өтөт

Кыргыз футбол биримдиги маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Токтогул шаарында Эргеш Ормонов атындагы жаңы спорттук стадиондун салтанаттуу ачылышы өтөт.

Стадион 1980-жылы курулган эски объекттин ордуна салынып, 3 600 көрүүчү үчүн ылайыкташтырылган. Андан сырткары спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, VIP-аймак, маалымат каражаттары жана калыстар үчүн атайын жайларды камтыйт. VAR системасы, жана заманбап жарыктандыруу беттештерди жана кечки иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт.

Ачылыш «Токтогул» жана «Базар-Коргон» тайпаларынын футболдук беттеши менен башталат.