"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Токтогулда реабилитациялык борбор курулууда

Токтогул шаарынын Момункулов көчөсү 27/2 дарегинде курулуп жаткан майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулууда.

Аталган долбоор Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1746,95 чарчы метрди түзгөн 3 кабаттуу имарат жертөлөсү менен курулат. Имараттын 1-кабатында кабыл алуу, ата-энелер менен жолугушуу, процедуралык жана кызматкерлер бөлмөсү ошондой эле ашкана жайгашат. 2 жана 3-кабатта палаталар, балдар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө санитардык, ванна бөлмөлөрү, процедуралык жана кир жыйноочу бөлмөлөр каралган. Имарат заманбап талаптарга жооп берип, бардык керектүү пандустар менен камсыздалат.

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылат.