Бүгүн, 13-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 68 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.
Ага ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1068 метр кубду түзсө, 387 метр куб суу агып чыгууда.
Былтыр бул күнү суу сактагычта 10 миллиард 766 метр куб суу болгон.