Күн мурун Токтогул шаарында жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадиондун салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Ал стадион жаштарды спортко тартууга, достукту чыңдоого жана кыргыз футболунун кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө болорун айтты.
Ачылыш аземдин алкагында Улуттук лиганын «Токтогул» жана «Базар-Коргон» клубдары беттешти.