"Эркин-Тоо"
Кыргыз Республикасынын Президенти

Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов башка ишке өткөңдүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.