"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Токтоналиев көчөсүндөгү спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө көп функционалдуу спорт комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тик бурчтук формасындагы эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2296 чарчы метрди түзөт.

Биринчи кабатта гардероб, машыктыруучунун жана калыстын бөлмөлөрү, персонал үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, эркектер жана аялдар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, инвентар бөлмөсү жана эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы орун алат.

Ал эми экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет, санитардык түйүн жана техникалык бөлмө жайгашат.