Эне-баланын саламаттыгына салым кошуп, күнү-түнү кызматын так аткарган кесипкөй кыздарыбыз менен сыймыктансак жарашат. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка” деген кепти айгинелеген Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна караштуу перинаталдык борбордун мыкты кызматкерлерин 8-март айымдардын эл аралык майрамына карата кепке тарттык.
Лола ТОЙЧИЕВА, акушер-гинеколог:
“Эне аман болсо бала аман, биз аман”
— Лола Дыйкановна, төрөт кабыл алуудагы эстен кеткис окуяны айтып берсеңиз?
— Ординатурада жүргөндө алгач ирет төрөт кабыл алгам. Жаңыдан окууну аяктап, нөөмөткө чыккан алгачкы күн эле. Кечки саат 21:45те төрөт бөлүмүнө бейтап айым келип түшкөн убакта мени менен турган эки врач шашылыш операцияга кирип кетишти. Төрөттү жалгыз кабыл алууга туура келип, жанымдагы акушерка “сиз врачсыз, коркпоңуз, сиздин колдон келет” деп кубаттап турганы өзүмө болгон ишенимди арттырган. Коркууга жол бербестен, врач катары колдон келишинче аракеттенип жатып аман-эсен төрөткөнүм унутулбайт. Баланы эненин кучагына койгондогу кубанычыбызда чек жок эле. Ошентип 3,200 гр. салмактагы эркек ымыркайды жарыкка алып келгенбиз. Ошондой эле жумушка биринчи ирет келген күнүмдө, төрөт бөлүмүнө бир күндө 23 айым келип түшкөнү эсимден кетпейт. Андан бери көптөгөн балдар төрөлүп келет, аркалаган кесибим менен сыймыктанам. 7 жылдан бери балалык кыялым ишке ашып, ата-энемдин тилеги орундалды.
— Кесарево жолу менен төрөт кабыл алууда коркуу сезимдери болобу, же бул көрүнүшкө адаттагыдай мамиле кыласызбы?
— Албетте операция жолу менен төрөт кабыл алууга да мажбур болгон учурлар кездешет, мунун да өз түйшүгү бар. Канчалык кыйын экенин билсек да, коркууга жол бербөө биздин башкы милдет. Ар бир дарыгер кесарево жолу менен төрөгөн айымдарга тыкыр көз салып, үйүнө чыккыча жанында турат. Операция жолу менен көз жарган айымдарга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Анан да бейтаптардын тиреги биз болгондуктан, колдон келишинче көзөмөлдөп, текшерип күнү-түнү жанында турууга милдеттүүбүз. Баланы кучагына берип, энелерди эсен-аман үйүнө чыгарууда кубанычка толобуз. Анткени эне аман болсо, бала аман, биз аман.
— Баланын жарыкка келиши сиз үчүн…
— Эбегейсиз бакыт. Жарыкка келген балдарды алгач биз колго алып, ыңаалаган үнүн угуунун ырахатын сөз менен жеткирүүгө болбойт. Кызыгы, кубанычка баткан эненин көзүндөгү жашты көргөндө кээде биз да кармана албай жашыган учурлар болот. Бир сөз менен айтканда врач-акушерлер-кубанычты тең бөлүшкөн жакшылык жарчылары.
Айнагүл АЙТБАЕВА, акушер-гинеколог:
“Толгоонун азабына чыдаган энеге мээрим төгүү – биздин иштин талабы”
— Айнагүл Айтбаевна, ымыркайлардын жарыкка келишине салым кошуп акушер-гинеколог болуу балалык кыялыңыз беле? Бул кесипти аркалаганыңызга канча жыл болду жана бул убакыт ичинде канча айымдын төрөтүн кабыл алдыңыз?
— Ымыркайдын ыңаалап жарык дүйнөгө келиши — ошол үй-бүлө мүчөлөрүнүн гана эмес, биздин дагы чоң кубанычыбыз. Жашоосунун алгачкы барактары ачылып, жарык дүйнөгө келген ымыркайдын төрөлүшүнө себепкер болуу мен үчүн чоң сыймык. Ооба, акушер-гинеколог кесибин аркалоо балалык таттуу кыялым болгон. Сүйүктүү кесибиме жетүү үчүн болгон аракетимди жумшап, бүгүн кыялымдын орундалганына кубанам. Акушер-гинеколог кызматына 2009-жылы кадам таштагам. Кудайга шүгүр, энелердин көз жарышына салым кошуп, жакшылыктын жарчысы болуп келебиз. “Кубанычтын чеги жок” демекчи, канча баланын жарыкка келишин санаган эмесмин. Негизгиси, дени сак ымыркайларыбыздын саны көбөйө берсин.
— Төрөт кабыл алууда өзүңүзгө тиешелүү кандай принципти карманасыз?
— Баланын жарыкка келиши татаал процесс. Ар кандай бейтаптар жолугат, өзгөчө жаш энелердин коркунучка жол бербөөсүн колго алууга аракеттенем. Төрөт кабыл алуудан мурун айымдар менен сүйлөшүп, алдыда чоң кубаныч турганын айтам. Ар тараптуу колдоо көрсөтүп, ошол эле учурда “сиз эне статусуна жеткени турасыз” деген жылуу пикирди айтуу негизги принцибим. Ошондой эле жан чыдагыс толгоонун азабына чыдап, төрөөгө бел байлап турган бейтаптарга мээрим төгүү биздин иштин талабы.
— Жеңил колдуу акушер-гинеколог болууда кандай сапаттарга ээ болуу керек деп ойлойсуз?
— Биринчиден жоопкерчиликтүүлүк, сабырдуулук, гумандуулук жана тырышчаактык керек. “Ар бир кесип ардактуу” дегендей, менимче ар бир кызматкер өз ишине кесипкөйлүк, кылдаттык жана берилгендик менен мамиле жасаса, ийгиликтер жаралаарына ишенем. Ал эми акушер-гинекологдун бейтаптар менен тил табыша билгени да чоң мааниге ээ.
— Алгачкы жолу кабыл алган төрөт эсиңиздеби?
— Албетте, алгачкы кадам эстен кетпейт эмеспи. Биринчи ирет төрөт кабыл алууга ординатурада окуп жатканда киришкем. Өз алдымча биринчи ирет кабыл алгандыктан коркуу сезими коштоп, толкундануу болгон. Дени сак эркек бала төрөлүп, ыңаалаган үнүн укканда сүйүнүчүм койнума батпай бактылуу болгом
Айгүл МАТРАИМОВА, акушер-гинеколог:
“Сүйгөн кесипти аркалоодо кыйынчылыкты сезбейбиз”
— Айгүл Абдимомуновна, стационарда күнү-түнү кызматта болуу менен үй-бүлөңүзгө убакытты кантип бөлөсүз?
— Албетте, сүйгөн кесипти аркалоодо кыйынчылык сезилбейт. Жумушумду туура түшүнүү менен ар тараптан колдоп турган жолдошум, үй-бүлөм дем берип келишет. “Сүйүп иштеген ишиң болсун, үйдө күткөн кишиң болсун” демекчи, үйгө да, жумушка да бирдей убакыт бөлүүгө аракеттенем.
— Төрөт кабыл алуудагы эстен кеткис окуяны айтып берсеңиз?
— Бизде эстен кеткис окуялар көп болот. Алардын бири эбегейсиз эмоция менен коштолгондуктан эч унутулбай келет. Көп жылдар бою бала жытын эңсеп келген ата уулдуу болгондо сүйүнгөндөн төрөткананы жаңыртып болгон үнү менен кыйкырганы баарыбызды чочуткан. Күтүүсүз кыйкырыкты укканда нес болсок, бир чети атанын абалын көрүп жылмаюуга, күлүүгө аргасыз болгонбуз.
Жазнура Токтоболотова