Чүйдө тоннелдин ичинде унаа бузулуп, куткаруучулар көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Opel үлгүсүндөгү унаа бузулуп, туруп калган. Жеринде нөөмөттө турган КР ӨКМнин ТККК 6-ӨМТККВдан куткаруу тобу тартылып, унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен.