Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесинде (289-чакырымы) тоо боорунан кулаган таштар тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жумуштар аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылды.
Тазалоо иштерине бир даана погрузчик жана хово техникасы тартылган.
Учурда каттам бар, жол ачык.