Төрт бала кечээ Бостери айылынын Тегерек жайлоосундагы тоого чыгып, аларды бири кулап, бутун оорутуп алган. Мындан улам өспүрүмдөр тоодон түшө албай, суукта үшүп, жардам сураган.
Бактыга жараша, ӨКМдин куткаруучулары балдарды тоодон аман-эсен алып түшүп, жабыркаган баланы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирген.