"Эркин-Тоо"
Адабият Гезиттер Жаңылыктар

“Тоолордун ак кар кийген чокулары, Эстетип аталардын топуларын…”

Эсентур Кылычев Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, көп жылдар республикалык “Ала-Тоо” адабий журналында эмгектенген. Улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын, Борбордук Азия ПЕН клубунун мүчөсү. “Үндөр”, “Жашыл шоолалар”, “Күзгү токой” аттуу поэтикалык жыйнактары жарык көргөн. Ырлары чет тилдерге которулуп, өзү Батыш–Чыгыш адабиятынын Генрих Гейне, Антонио Мачадо, Витезслав Назвал, Рене Сюлли-Прюдом, Рекан, Исикава Такубоку өңдүү белгилүү акын-жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын университеттеринде адабият жана котормо жаатында дарстарды окуп келет.

Эсентур Кылычев Улуттук энциклопедиянын, Кыргыз радиосунун дүйнөлүк адабият боюнча макалаларынын, берүүлөрүнүн автору. “Кыргызстан студенттеринин жазы – 71”, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Акын жана котормочу Эсентур Кылычевдин “Күзгү токой” деп аталган кийинки жаңы жыйнагы:

Ичинде элдин бирөөмүн,
Илинип санга жүрөмүн.
Кыргыздын атын өчүрбөй,
Кылымдар аман жүр элим,

Кылымдар өмүр сүр элим! – деген Мекенге болгон жүрөктүн тереңинен чыккан ыйык тилеги менен ачылат. Акын аталган китебинин башына бул беш сапты бекер койбогон болсо керек. Анткени
Э. Кылычевдин поэзиясындагы башкы тема – Улуттун айдыңы менен улуттун байлыгы. Айдың менен байлыкты түзүп турган – не бир асылдыктар.

Китепке баш сөз жазган адабиятчы Дария Буржубаева акын Эсентур Кылычевдин поэзияга болгон мамилесине: “Акындын поэтикалык ыкмасы – адегенде көзгө илээшпеген закымдын ылдамдыгы, ышкы оту алоолонгон кумарлануу, анан окурманы менен бирге талаанын бетин бербеген не бир кооз гүлдөрдү аралап, өзү да табияттын бир үзүмүнө айланып кетет…” деп баа берген. Адабиятчынын берген ошол баасына “Жаштыгым – жаңырган айланам” аттуу көркөм поэтикалуу ырынан мисал тартсак болот:

Жаштыгым – жалындап күйгөн от,
Жарыгы асманга чачылат.
Учкундар учушат “жылт” этип,
Учкундар учушат чачырап…

Жаштыгым – кызыл гүл ачылган,
Талаага көрк берип жайнаган.
Жаштыгым – деңиздер, токойлор…
Жаштыгым – жаңырган айланам…

Орус жазуучусу, сынчысы жана котормочусу Владимир Александров: “Эсентур Кылычев – чын ыкластуулуктан улам чыгармаларында өзүн ача алган олуттуу акын” деп жазгандай, акындын поэзиясына – жөнөкөйлүк, ошол жөнөкөйлүктө жаткан – бийиктик, чындыкты уютку кылып карманган философиялуулук, чебер сүрөткерлик мүнөздүү. Акындын ырлары көп узун эмес, кыскараак жана мазмундуу келип, ой учугун улантууну көпчүлүк ырларында окурмандын өзүнө калтырып коёт. Ал эми поэзиянын табияты – купуялуулукта, табышмактуулукта, окурманды андан ары ойлонтууга кудуреттүүлүгүндө эмеспи…

“Кызыл дан” аттуу ырынан төрт сап окуйлу:

Айылда кызыл дан – токчулук,
Кырманда үйүлгөн кызыл дан.
Тектирде эгиндер ыргалат,
Жашоомду бөлбөгүн ушундан.

Акын бул төрт сабы менен эле бүтүндөй жашоо чындыгын жазып коюптур.

Эсентур Кылычевдин поэзиясына карата филология илимдеринин доктору, КР УИАнын академиги Абдыганы Эркебаев мындайча пикирин билдирген: “Э.Кылычевдин айрым ырларында реалисттик тактык байкалса, башкаларында романтикалык көтөрүңкүлүк, кээде элегиялуулук же патетикалык чакырык үстөмдүк кылат. Поэтикалык каражаттардын арсеналы да көп түрдүүлүккө өтөт. Метафора менен символика өз милдетин аткарат”. Окумуштуунун пикирин улай, Кыргыз улут символдорун тарткан төмөнкү ыр саптарына назар салалы:

Тоолордун ак кар кийген чокулары,
Эстетип аталардын топуларын…
Барпайган талаалардын мандалагы,
Эстетип апалардын саймаларын…

Көк түтүндөр боз үйлөрдөн сызылган,
Оту го энемдин көмөч нан бышырган…
Булактын мөлтүрөгөн тунук суусу,
Саамал кымыз көңтөрүп жутуучу…

Ооба, бул азганакай ыр саптар кыргыз элинин тарыхын да, табиятын да, баатыр ата-бабалардын, мээримдүү умай энелердин элестерин да кадимкидей көз алдыга тартат.

Эсентур Кылычевдин поэзиясына пикир жазган дагы бир белгилүү адабиятчы-окумуштуу, КР УИАнын академиги Осмонакун Ибраимов: “Акындын формага ылайык мазмун табууга умтулуусу сүйүү жөнүндө жазылган ырларында да бир топ ачык көрүнүп, автордун чыгармачылык изденүүлөрүнө күбө болуп турат. Сүйүүнү даңазалоо үчүн сөзсүз эле “сүйөм, күйөм” деп төштү курулай каккылаштын дегеле кереги жок экен” дейт. Окумуштуунун бул пикирине төмөндөгү эки куплетти мисал тартсак болот:

Арыкта суу шылдырайт,
Жүрөгү согот жердин.
Бардыгын унуткарып,
Мен сени ойлой бердим…

“Көрдүңбү жылдызды, – деп,
Уланттың, – ой, жок болду!..”
“Сүйүктүүм болгунуң…” деп,
Ичимден ойлоп койдум.

Жогоруда белгилегенибиздей, Эсентур Кылычев дүйнөлүк атактуу бир топ акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. Ошол котормолордун айрымдарын окуп көрөлү.

Окума Котомити:

Бай эмесмин, атак-даңктуу эмесмин,
Ошондуктан бул дүйнөгө көз салып,
Гүлдү гүл дейм, Айды Ай дейм жаңылбай…

Рекан:

Өлгөн соң бул дүйнөгө не калтырам?..
Көктөмгө – гүлдөр калат,
Жай күнгө – күкүк үнү,
Күзүмө – терек шуулдап…

Мати Тавара:

Сүйсө болот адамды,
Ишенбей туруп деле…

Амо Сагиян:

Жүрөк, суук көздөн “селт” этип бүрүшөсүң,
Гүл сымал өлчөөсүз нур ичесиң.

Исикава Такубоку:

Бийик тоодон кулап түшкөн таш сыңар,
Ушул күнгө кулап түштүм…

 

 Фатима Абдалова