"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Тоолорго кар жаап, үшүк жүрөт

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрөт.

31-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

31-октябрда күндүз жана 1-2-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт.

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 7…12°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 5…10°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5°, күндүз 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болот.