"Эркин-Тоо"

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 10-июнунун экинчи жарымынан тартып 11-июндан 13-июнуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан-чачын жаашы мүмкүн. Бул жагдай сел жүрүү коркунучун жаратып, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Жарандарга сак болуу, коопсуздук чараларын көрүү сунушталат.