"Эркин-Тоо"

Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы жарыяланды

Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган № A/RES/77/172 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы менен менен жарыяланган 2023-2027-жылдары тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү максатында, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. КР 2023-2027-жылдар мезгили тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды.

2. Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.

3. Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич КР Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

4. КР Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана КР Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!