Балдардын жаратылыш, табият менен тыгыз байланышта болуп, таза абада ойношу алардын ден соолугуна жана иммундук системасына өтө пайдалуу. Бул тууралуу TRT Haber агенттиги саламаттык сактоо тармагындагы адистердин берген маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, топурак менен ойноо, жандыктарга жакын болуу жана таза абада көп жүрүү баланын иммунитетинин чың болушуна өбөлгө түзөт. Баланын ичегисиндеги микробиом — иммунитеттин негизги элементи болуп эсептелет. Бул система бала төрөлгөндөн тарта эле өнүгө баштайт. Топуракта ойноп, көпчүлүк убактысын бак-дарак, чөптүн арасында өткөргөн балдардын микробиому ар түрдүү болуп, алар аллергия, астма жана башка ооруларга азыраак кабылышат. Ошондой эле бакчада ойноо баланы стресс болуудан сактап, дайыма сергек жүрүшүн камсыздайт.