"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Торугарт өткөрмө бекетиндеги таштанды маселесин чечүү үчүн 3 күн убакыт берилди

Торугарт чек ара бекетиндеги тартип жана тазалык маселелери көзөмөлгө алынды. Бул боюнча Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөрүп, мурда берилген тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын белгилеп өттү. Ал мындан ары ар бир тапшырмага так мөөнөт коюларын, эгер убагында аткарылбаса, жооптуу адамдарга чара көрүлөрүн эскертти.

Берилген тапшырмалар:

  • Бажынын Чыгыш филиалына — жолго эскертүү белгисин орнотуу жана видеокамера коюу үчүн 1 жума, таштанды маселесин чечүү үчүн 3 күн убакыт берилди;

  • “Нарын Транс” коомдук бирикмесине — шаар ичинде унааларды токтотпоого жана аймактагы тазалыкты сактоого милдеттенме жүктөлдү.