Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, АКШ Президенти Дональд Трамп, Армениянын Премьер министри Никол Пашинян Вашингтондо – Ак үйдө 8-августта жолугушуп, тынчтык келишимине кол коюшту. Ондогон жылдан бери араздашуунун кесепетинен колго курал алып согушуп келген эки кошуна мамлекет, расмий Вашингтондун ортомчулугу менен дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүүнү макулдашып кол алышты. Макулдашууга ылайык, АКШ мындан ары Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөнү алып салары айтылды. АКШ, Азербайжан жана Армения менен энергетика, соода, жасалма интеллектти өнүктүрүү багытында кызматташарын билдирди. Армениянын аймагы аркылуу өткөн Зангезур коридорунун тилкеси америкалык компанияга 99 жылга ижарага берилери маалым болду. Бул транзиттик коридор “Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу” деп аталды.
Азербайжанды Армениянын аймагындагы Нахичеван эксклавы менен байланыштырган Зангезур коридору он жылдап созулган куралдуу жаңжалдан кийин, Д.Трамптын демилгеси менен Вашингтондо тараптар жолугушуп Тынчтык келишимине кол койгон соң, Армения менен Азербайжан ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоону, энергетика, технология, соода, инфраструктурасын өнүктүрүү, чек аралардагы коопсуздукту камсыздоону камтыры айтылууда. “Reuters” маалымат агенттигинин маалыматына таянсак, 1992-жылы Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Франция, Орусия жана АКШ жетектеген “Минск группасын” таратуу сунушу да кабыл алынган.
Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын Президенти Илхам Алиев АКШнын Президенти Дональд Трамп менен дагы бир катар документтерге кол коюшканы да кабарланууда. Андагы макулдашууга ылайык, АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөлөрдү алып салат. Ал эми Никол Пашинян 7-августта Вашингтондо Ыйык Библия музейине барганын басма сөз кызматы кабарлаган. Н. Пашинян Д. Трамп менен И. Алиевдин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрө турганы 6-августта белгилүү болгон. Д.Трамп 7-августта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазганга чейин, үч өлкөнүн лидерлери тынчтык келишимине кол коёру тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес.
Албетте, бул экономикалык келишимдер Түштүк Кавказ аркылуу өтүүчү стратегиялык транспорт коридорун кайра ачып жандандырууну көздөшү мүмкүн. Ал коридор 1990-жылдардын башынан бери жабык турганы маалым. Аталган коридор Азербайжанды Армениянын аймагындагы Нахичеван эксклавы менен туташтырат, бул аймакты өлкөдөн Армениянын 32 чакырымдык тилкеси бөлүп турары белгилүү. Коридордо келечекте темир жол, мунай жана газ куурлары, оптикалык була байланыш курулары жолго коюлары пландалууда. Өтмөк аркылуу адегенде жүктөрдү, кийин эл ташуучу транспорттордун каттамын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрү да негизги максаттардын бири. Келишимге ылайык, транзиттик коридордун курулушун АКШнын мамлекеттик компаниялары каржылабайт, бул милдетти жеке компаниялар колго алууга тийиш. Келишим жыл башында АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Бакуга келип жолугушуп кеткенден кийин тараптардын андан берки сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүзөгө ашкан.
Армения менен Азербайжан 1991-жылы СССРдин курамынан чыгып, көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Тоолуу Карабак аймагын талашып, согушуп келишкен. Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн 2020-жылдагы куралдуу жаңжалынан кийин талаштуу аймак – Тоолуу Карабактан этностук армяндар жапырт чыгып кеткен. Кошуналар андан бери алаканы оңдоо үчүн олуттуу кадамдарды жасап келүүдө. Расмий Ереван учурда Карабакты Азербайжандын суверендүү аймагы катары тааныганы дүйнө коомчулугуна дайын болду. Тараптардын көп жылдык сүйлөшүүлөрүнөн кийин даярдалган Тынчтык келишимине эл аралык чөйрө жогору баа бергени 2025-жылдын март айында эле белгилүү болгон. Ага карабай документке кол коюлбай келет.
Азербейжан мамлекети документке кол коюу алдында Армениянын Конституциясынан Эгемендик декларациясындагы шилтемени алып салууну талап кылган. Армян ССРи менен Тоолуу Карабактын мыйзам чыгаруучу органдарынын 1989-жылкы биригүү актысын тааныган декларация 1990-жылы кабыл алынган. Расмий Баку Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобун таркатуу талабын койгон. АКШ, Франция жана Орусия башында турган бул топ Тоолуу Карабак жаңжалын сүйлөшүү жолу менен чечүүнү көздөгөн эл аралык жалгыз ортомчу уюм болгонун дүйнө коомчулугу жакшы билет. Армения эки талапка тең макул болгону менен, жакынкы жылдары жаңы Конституцияны кабыл алуу өлкөнүн ички иши бойдон калышы керек деп эсептейт. Расмий Ереван мындан тышкары ЕККУга Минск тобун таркатуу жөнүндө биргелешкен кайрылууну тынчтык келишимине кол коюлган учурдан баштап жолдоо керек деген позициясын билдирүүдө.
Армения менен Азербайжан 2024-жылдын жаз-жай мезгилинде эл аралык коомчулук кубаттаган дагы бир дипломатиялык кадамга барган. Кошуналар түндүк чек арадагы 13 чакырымдык тилкени тактап, биринчи жолу делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүшкөн. Мындан кийин Армениянын аскерлери 1990-жылдардын башында эки өлкө согушканга чейин Советтик Азербайжанга караган, туруктуу жашаган калкы жок төрт айылдан чыгып кеткен. Эки тарап тең делимитациялоо жана демаркациялоо процессин улантууга макул болгону менен, өткөн жылы чек аранын башка бөлүктөрүндө эч кандай жылыш болгон эмес. Армения бул аймактарда Азербайжан анын 200 чарчы чакырымдан ашуун жерин басып алганын белгилеп келет.
Армениянын оппозициялык партиялары талаштуу чек араны демаркациялоо ишин жана расмий Еревандын дипломатиялык кадамдарын “капитуляция” деп сындап, Н. Пашиняндын отставкасын талап кылган. Арменияда 2024-жылдын май-июнь айларында миңдеген адам катышкан нааразычылык акциялары жана митингдер өткөн. Ага карабастан Н.Пашинян өкмөттүн Азербайжан менен туруктуу тынчтыкты көздөгөн саясатын жалпы Армян эли колдоорун билдирген. 2020-жылы Тоолуу Карабактагы 44 күндүк согушту токтотуу үчүн Орусиянын ортомчулугу менен кабыл алынган келишимде Армения төмөнкүдөй милдеттенме алган: “Азербайжандын негизги аймагы менен анын батыш эксклавы Нахичеванды байланыштырган транспорттук жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу жана эки багытта тең жарандардын, транспорттун жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүү”.
Армения “транзиттик жол кандай болбосун, ал кеңири регионалдык тоскоолдуктарды жоюу жараянынын алкагында каралышы керек. Ошондой эле өлкөнүн эгемендиги, юрисдикциясы, аймактык бүтүндүгү сакталышы шарт” деп белгилеп келет. Азербайжан менен Армения 2024-жылы бир чечимге келе албай байланыш маселесин жалпы Тынчтык келишиминен бөлүп, өзүнчө карамай болушкан. 2020-жылдагы ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, эки мамлекеттин ортосундагы транспорттук жолдорго көзөмөл жүргүзүү милдети Орусиянын Федералдык коопсуздук башкармалыгына караштуу чек ара кызматына жүктөлгөн. Бирок, 2023-жылдын сентябрында Азербайжан чабуул койгондо Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды коргой алган эмес. Ошол абалдан кийин Армения Орусиядан оолактап, Батыш өлкөлөрүнө ыктай баштаганы ачык байкалган.
Жолго байланыштуу сүйлөшүүгө АКШнын катышуусу мүмкүн деген сөз Н. Пашинян менен И. Алиев 2025-жылы 10-июлда Абу-Дабиде жолуккандан кийин чыкканы болжолдонууда. Ошол 5 саатка созулган сүйлөшүүдө байланыш маселеси да талкууланганы айтылат. АКШнын Түркиядагы элчиси Томас Барактын билдирүүсүнө таянсак, расмий Вашингтон Түштүк Кавказдагы эки өлкөгө транспорттук байланыш үчүн 100 жылдык ижара акы сунуштаган. “Армения менен Азербайжан 32 чакырым жолду талашып жатат, бул тамаша эмес. 32 чакырым жол үчүн талаш он жылдан бери бүтпөй келет” деген Томас Барак 11-июлда Нью-Йорктогу билдирүүсүндө.
Н. Пашиняндын басма сөз катчысы Назели Багдасарян ижара идеясын четке каккан, бирок 16-июлдагы маалымат жыйында Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян АКШ адамдар менен жүктөрдүн Сюник аркылуу өтүшүнө “америкалык компания көз салсын” деп сунуш киргизгенин ырастаган. Н.Багдасарян Еревандын Сюник аркылуу өтүүчү маршрутун башкарууну үчүнчү тарапка, анын ичинде америкалык компанияга же жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканага тапшырууга даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда, Армения Иран менен чектеш жалгыз аймакта эгемендигин сактап калууга тийиш экенин белгилеген. “Биз темир жана автоунаа жолдору тууралуу көп сөз кылабыз, бирок бул контекстте мунай-газ куурлары, электр линиялары, телекоммуникация кабелдерин да эске алып жатабыз, ал башкарууну жана курулушту талап кылган инфраструктура” деп баса белгилеген Назели Багдасарян.
“Биздин жарандар менен жүктөр тоскоолдуксуз өтүшү үчүн коопсуздук чаралары толук кепилдениши шарт” деген Азербейжан Президенти И.Алиев июль айындагы билдирүүсүндө. Армения өкмөтү бул талаптарды четке каккан. Армениядагы оппозициялык партиялар аймактагы бардык жолдорду ачуу боюнча диалогго барууну сунушташууда. Алар Арменияны “блокадага алууну токтотуу керек!..” деп эсептешет. Бул чөлкөмдө туруктуу тынчтыктын орношу жана Армения аркылуу транзиттик маршруттун ачылышы мунайга жана газга бай Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүн Европага туташтырып, Орусия менен Иранды айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берери да дүйнө коомчулугун дыкат ойлонууга мажбурлайт.
Орусия менен Иран Армениянын стратегиялык мааниге ээ болгон Сюник аймагына АКШнын келишин тынчсыздануу менен кабыл алышууда. Орусия АКШны Армения менен Азербайжандын Тынчтык жараянын өз пайдасы үчүн чечип, аймактык күчтөрдү четке сүрүүгө аракет кылууда деп айыптоодо. “Батыш өлкөлөрү Азербейжан менен Армениянын жарашуу жараянын өздөрүнө ыңгайлуу жолго бурууну көздөп жатышат. Биз мындай жол кайда алып барарын жакшы билебиз. Бул чөлкөмдөгү тең салмактуулукка доо кетириши мүмкүн…” деп билдирүү жайылткан Орусия ТИМнин өкүлү Мария Захарова 24-июлда берген маалымат жыйынында. Иран Армения менен чектеш мамлекет болгондуктан, түндүк чек арасына коркунуч жаратышы мүмкүн – деген кооптонуу менен келишимге каршы экенин билдирген. Өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменейдин жогорку даражалуу кеңешчиси бул аймактагы жана Түштүк Кавказ аймагынан сырткаркы өлкөлөрдү Армения аркылуу Азербайжан үчүн коридор түзбөөгө чакырган.
Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Армениянын Премьер министри Никол Пашинян АКШ Президенти Дональд Трамптын демилгеси менен Вашингтондо 8-августта жолугушуп, Тынчтык келишимине кол койгондо Д.Трамп: “Алар 35 жыл согушту. Эми мындан ары –достор!..” деп сыймыктануу менен билдирүү жасаган. Н.Пашинян менен И.Алиев америкалык лидердин эмгегин баалап, эл аралык эң абройлуу “Нобель” сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүшкөнү дүйнө коомчулугуна маалым болду.
Бахпурбек Аленов

