АКШнын Президенти Дональд Трамп ушул айдын башында башка өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу буйрукка кол коюп, аны “боштондук” деп атап, мына ушундай экономикалык кадамдарынан улам 6-7 триллион доллар өлчөмүндө бюджетке киреше түшөрүн убада кылды. АКШнын жаңы тарифтери жөнүндө коомчулуктун пикири кандай? Анда эмесе назар салалы.
Трамптын жүйөсү мындай: Американын экономикасын башка мамлекеттер тарабынан ондогон жылдардан бери талап-тонолгонун айтып, ата мекендик өнөр жайдын кайра жаралуусунун, анын ичинде автомобиль өндүрүшүнүн жаңы этабы актуалдуу экенин баса белгилейт. Ал киргизилген төлөмдөрүн фондулук рыноктун төмөндөшүнө карабастан, АКШ экономикасын көтөрүүнүн бир жолу деп эсептейт. “Жаңы тарифтер Американын экономикасы үчүн дары, кээде бир нерсени оңдоо үчүн дары ичүүгө туура келет”, деген пикирин билдирди президент Дональд Трамп. Илгертен АКШ менен тилектеш болуп келген Евробиримдик менен тарифтерди нөлгө түшүрүү мүмкүнчүлүгүнө каршы турган АКШнын президенти, Европа өлкөлөрү «биздин эсебибизден байлык жасашты» эми алар көбүрөөк төлөө керектигин билдирип, ансыз эч кандай келишим түзүлбөй турганын айтты. Трамптын буйругу менен эң жогорку импорттук тариф Камбоджага — 49%, Лаоско — 48%, Мадагаскарга — 47%, Вьетнамга – 46% киргизилди. Евробиримдик үчүн алымдар 20%, Кытай үчүн — 34%, буга чейинки киргизилген төлөмдөрдү эске алганда 54%га жетти. Африканын эң жарды өлкөсү эсептелген Лесотого 50% импорттук тариф киргизилди. Кыргызстанга 10% төлөм каралган. Евробиримдикти кошкондо 180ден ашык өлкө кирген тизмеде Россия жок.
“Трамп жарыялаган тарифтер америкалык жана чет элдик компанияларга “ааламдашуу доору бүттү” деген ачык сигнал берет” деп жаза баштады дүйнөлүк маалымат каражаттары. Рейтер агенттиги, мындай кадам «пандемиядан кийин араң калыбына келтирилген дүйнөлүк экономиканы ого бетер начарлатат» деп билдирди. Ал эми Номура изилдөө институтунун башкы экономисти Такахиде Киучи, «Трамптын тарифтери АКШны Экинчи Дүйнөлүк Согуштан бери алып келген дүйнөлүк эркин соода тартибин жок кылуу коркунучун жаратат» деген пикирин билдирди. «Дональд Трамп бүткүл дүйнөгө соода согушун жарыялап, АКШны экономикалык белгисиздикке сүйрөп жатат» деп баса белгилейт француз Le Monde басылмасы. Айтор, сын айткандар көп. Трамптын колдоочулары болгон миллиардерлер дагы тариф саясатын сындашууда. Миллиардер Рэй Далио, дүйнө саясий жана экономикалык тартиптин кайталангыс кыйроосун баштан кечирип жатат деп эскертти. Алтургай Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчысы — бизнесмен Илон Маск Трамптан импортко жаңы тарифтерди киргизбөөнү суранды. Трамптын көнө турган түрү жок.
Албетте, Трамптын экономикалык саясатына каршылыгын көрсөтүп, нааразы болуп көчөгө чыккан америкалыктар күн санап көбөйүп баратат. АКШнын президенти Дональд Трамп киргизген тарифтердин кесепеттери америкалыктар үчүн азык-түлүккө жана керектөөчү товарларга болгон кымбаттоо менен эле чектелбей, көптөгөн товарлар дүкөндүн текчелеринен жок болуп кетиши мүмкүн, деп эскертти Bloomberg маалымат агенттиги. АКШнын жаңы соода шарттарынан улам, Улуу Британиянын унаа чыгаруучу заводу апрель айында Жаңы Jaguar Land Rover унаасын экспорттоону, Япониянын Nissan Motor Co. компаниясы Мексикада жасалган Infiniti жол тандабастарын АКШ рыногунда сатууну токтоторун билдиришти. Mercedes-Benz AG өзүнүн унааларын АКШ рыногунан алып кетүүнү караштырып жатат. Анткени, жаңы салык системасы алардын кирешесинен ажыратат дешет. Германия АКШга автоунаа экспорттоого чектөө киргизгени калды. Япон вискисин саткан компаниянын өкүлү, эгерде Hibiki жана Yamazaki баалары АКШнын керектөөчүлөрү үчүн өтө кымбат болуп кетсе, продукциясын Азиянын рыногуна багыттай турганын маалымдады. Ал Азия жана Япония сыяктуу башка аймактарда суроо-талап жогору бойдон калып жатканын белгиледи. Ал эми Кытайдын Каржы министрлиги 10-апрелден тарта АКШдан импорттолуучу бардык товарларга кошумча 34% бажы салыгын киргизе турганын жарыялады. Трамп Кытайга дагы 50% тариф киргизерин айтты. Мындай шартта Кытайдан АКШга импорттолгон товарларга койгон тарифтин көлөмү 104%ды түзүп калат экен. Соода алакасын жөнгө салууда Кытайдын АКШ бийлиги менен ымала түзүшү кыйындап баратат. Европа Биримдиги жооп иретинде АКШ товарларына тариф киргизүүнү талкуулап жатат. Ошол эле учурда АКШ менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдиришти. АКШнын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү президент Трамптын администрациясы менен төлөмдөрдү азайтууга сунуш менен кайрылган. Бирок, Кытай айтканынан кайтпай, аягына чейин турабыз деген принципти карманып турганы байкалууда. Айтор, дүйнөдөгү ири державалардын тирешүүсү жакын арада токтошу күмөн.
Эске салсак, АКШнын 2025-жылга мамлекеттик карызы 36 триллион АКШ долларынан ашты. Ал дагы күн санап көбөйүүдө. Андан калса, Евробиримдик жана Кытай менен болгон соода дефицитинен улам АКШ көп нерсе жоготуп жатат. Тагыраагы бул маалымат америкалыктар буга чейин чет жактан товар алып гана жашап келгенин тастыктайт. Ошондуктан, Президент Трамп АКШнын мамлекеттик карызын азайтуу үчүн мамлекеттик чыгымдарды, ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу жана ири суммадагы каражаттарды пайдаланган фонддорду жоюуну колго алып жатат деген пикирлер дагы бар.
Мына ушундай эл аралык соода алакаларынын толкундоолорунун шартында жаңы төлөмдөрдүн киргизилиши Кыргызстандын экономикасы үчүн канчалык кооптуу деген суроо жаралышы мүмкүн. Экономика боюнча эксперт Арсен Иманкуловдун айтканына караганда, АКШ бийлигинин жаңы тарифи Кыргызстан үчүн тикелей түз таасирге ээ болбойт экен. Эл аралык соода башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстандын АКШга экспорту болжол менен 8 миллион долларды түзгөнү – өлкөнүн экспортунун жалпы структурасында бул көрсөткүч бар болгону 0,2 пайызын камсыз кыларын белгиледи. Биз АКШга текстиль жана улуттук буюм-тайымдарды экспорттойт экенбиз. Дүйнөлүк рынокто текстиль экспорту боюнча үстөмдүк кылып келген Кытай, Индия, Вьетнам өлкөлөрүнө 26дан 46 пайызга чейин төлөмдөрдүн киргизилиши биздин экспортерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирет эксперт.
Ал эми экс-төрага Акылбек Жапаров экспорттук төлөмдөргө карата өз оюн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирип, бүгүнкү абалды “чындыгында, бул – глобалдык рынокту өзгөртүп жаткан экономикалык жер титирөө” деп салыштырды. Кээ бир өлкөлөрдүн товары кымбаттаганына байланыштуу аталган рыноктун бир бөлүгү бошой турганын билдирди. Бул Кыргызстан үчүн колдон чыгаргыс шанс деп эсептейт Акылбек Жапаров. Андыктан, АКШнын талаптарына ылайык «экспорттук чогултуу» аймактарын түзүүгө жетишип, тышкы өнөктөштөр үчүн «Кыргызстан аркылуу» экспорттук стратегияны иштеп чыгууну сунуштайт.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дүйнөлүк соода саясатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өзүнүн Facebook баракчасынан ой бөлүштү. Элчинин айтымында, Дональд Трамптын соода саясатындагы, айрыкча текстильге жана кийим-кечеге төлөмдөр 30-49 пайызга чейин көтөрүлгөнүнө байланыштуу, мындай шартта «дүйнөлүк бренддер жаңы өндүрүш аянтчаларын издей башташат” дейт. Кыргызстан ушундай аянтка айлана алат деп эсептейт элчи. Андыктан, бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу үчүн жеңил өнөр жайдын Экспорттук борборун түзүү, транс-улуттук өндүрүүчүлөрдү тартуу программалары, салыктык жана административдик жеңилдиктерди берүү, дүйнөлүк бренддер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү керектигин белгиледи саясатчы.
Туура, ар кандай кырдаалдын экинчи жагы болот. АКШнын администрациясынын жаңы тарифтик саясаты кээ бир өлкөлөргө терс таасирин тийгизгени менен башкалар үчүн ыңгайлуу шанс болору талашсыз. Кыргызстандын чарба жүргүзгөн субъектилери экономикалык өзгөрүүлөргө ийкемдүү, мобилдүү экенин танууга болбойт. Айрым жетекчилер белгилегендей, Кыргызстанда Кытай, АКШ, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө соода алакасын түзүүгө “көпүрө” болууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Албетте, андыктан ыкчам аракеттер керек.
Шекербек Калыков