"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маанилүү

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат берди

Транспорт министрлиги кабарлагандай, бүгүн, 8-декабрда ашууларда кар тазалоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, жол тейлөө кызматтары түнү менен иштеп, жолго кум-туз чачуу иштерин улантышууда.

8-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол ачык.

Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон ашуусунда (саат 9:00дон тарта) жана Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда (7-декабрь саат 21:00дон тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Транспорт министрлиги кошумча маалымат берилерин билдирди.