Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 5,7 миллиард сомдон ашык финансылык мыйзам бузуу аныкталды

9-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти. Каржылык бузуу мекеменин 2023-жылдагы бюджетинин аткаруусуна тиешелүү болгон.
«Мыйзам талаптары сакталбастан «Кыргызавтожол» ишканасы тарабынан 2,5 миллиард сомго жол техникасы жана жабдуулар сатып алынган. Мунун 1,2 миллиард сому 2023-жылы которулган. Мындан тышкары Жол фонду 969,7 миллион сомду колдонбой калса, 29,1 миллион сом максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле кызматкерлерге 814,7 миң сом негизсиз төлөнүп, 160 миң сомго кеңсе товарлары жана материалдар ашыкча алынган», — деп айтылат маалыматта.
9-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X