Травматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Аны менен катар Эдил Байсалов аталган борбордун республикалык жана регионалдык масштабдагы заманбап ортопедиялык борбор болорун баса белгилеп, аны куруу үчүн каражат президенттик фонддон берилерин айтты.
Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 13-февралында «Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.