«Тулпар» картасы менен 60 мүнөт ичинде төрт жолу акысыз кайра отурууга болот
1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм системасы расмий түрдө ишке кирет.
Жаңы система аркылуу жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.
«Тулпар» транспорттук картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду коомдук транспортто орнотулган валидаторго тийгизүү жетиштүү.
Мындан тышкары, «Тулпар» транспорттук картасын колдонгон жүргүнчүлөргө кошумча жеңилдик каралган. Алар биринчи төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолуга чейин акысыз кайра отуруп жүрө алышат.
Жаңы төлөм системасы жол кирени төлөө процессин жеңилдетип, коомдук транспорттун кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга багытталган.