КР Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн чыныгы иштерман, ишбилги экенин көрсөтүүдө. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, көп кырдуу жөндөмдүн ээси экенин байкап жатабыз. Дегенибиз, Мамлекет Башчысынын жанына жаңы келген учурда жалпыбыз куруучу катары тааный баштаган элек. Убакыттын өтүшү менен көптөгөн иштин өтөөсүнөн чыкканын көрүп, баа бере баштадык.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “чү” дегенде бир катар мамлекеттик обьектилердин курулушунун жоопкерчилигин моюнга артынып, ишин баштаган. Кыска мөөнөттө сапаттуу курулуштарды куруп, эскилерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаркыратып койгонуна күбө болдук. Көп өтпөй Каныбек Туманбаев кризистик менеджер катары тааныла баштады. Атап айтсак, ипотекалык турак жай куруу программасын колго алып, эң оор, түйшүгү мол болгон тармакты чечүүгө бел байлады. Мурда ипотекага сатыктагы үйлөрдү банктардын ортомчулугу менен жарандарга сатып алып берип келген болсо, кийин үйлөрдү курууга киришти. Аны чакан аралыкта жолго коюп, алгачкы үйлөрдү курду. Азыр өлкөнүн бардык аймактарында МИКтин курулуштарын жандандырып, миңдеген үйлөр курулууда. Ачыгын айтканда, бул чоң эрдикке тете эмгек. Мына ушул иш менен катар эле Баткендеги чыр-чатактарда жабыркаган айылдарды калыбына келтирип, чек ара чечүүдө көчүрүлгөн айылдардын тургундарын турак жай менен камсыздады. Бул дагы алкоого арзый турган иш.
Ошондой эле 30 жылдык тарыхта таланып-тонолуп кеткен, аты бар заты жок калган Профсоюздар уюмун тартипке келтирүүгө бел байлады. Эскилиги жеткен, каралбай калган бир канча ден-соолукту чындоочу борборлорду, санаторийлерди, курортторду замапбап кылып оңдоп, бардыгын калыбына келтирди. Алардын катарында Ала-Арча жаратылыш паркын жаркыратып, жаратылыш кооздугуна суктангандай шартты түзүп койду. Мурда дебитордук карызга белчесинен батып, пайда бербей калган жогорку субъектилерди учурда күргүштөгөн киреше тапкан ишканаларга айландырды. Бул дагы мактоого татырлык иш экенин айтпай коюуга болбойт.
Булардан сырткары, Бишкектеги Орто Азия боюнча эң ири стадиондун курулушун жүргүзүп жатат. Кудай буйруса, келе жаткан жылы Эгемендик майрамына чейин бүтүп, ишке берилери пландалууда. Мындай масштабдуу иштин жоопкерчилигин алып, аягына чыгуу өтө кыйын. Албетте, Туманбаев анын өтөөсүнөн чыгып, стадиондун курулушун бүтөрүнө жакын калды.
Ошончо түйшүктүү, жоопкерчилиги мол иштерди аткарып жатканына карабай Президент Каныбек Туманбаевге дагы бир ишти жүктөп, санаага салган санариптештирүү маселесин чечүүнү тапшырганын билебиз. Арийне, Туманбаев өзүнүн жанына топтогон командасы менен коюлган милдетти так аткарып, кылдаттык менен чечип, күндөлүк турмушубузга аралаштырып койду. Мисалы, “Түндүк” тиркемесинде эле 200гө чукул продукция бар. Бардыгы тең жарандардын жашоосун жеңилдетип, муктаждыктарды жеңил чечкенге жардам берген функциялар.
Жакында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн (техпаспорттун) жаңы үлгүсүн ишке киргизди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, жаңы үлгүдөгү күбөлүк тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана катышуучуларга презентация жасады. “Эми жарандар жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн 10 мүнөттүн ичинде ала алышат. Жаңы техпаспорт заманбап стандарттарга толук жооп берип, жогорку деңгээлдеги коргоочу элементтер менен камсыздалган” деп билдирди Туманбаев. Техпаспорт поликарбонат материалынан жасалып, узак мөөнөттүү колдонууга ылайыкташкан жана механикалык, химиялык таасирлерге туруктуу. Документте улуттук оймо-чиймелери бар тунук терезе, DOVID-голограмма, ошондой эле тактилдик коргоочу элементтер камтылган. Маалыматтар лазердик персоналдаштыруу ыкмасы менен жогорку тактыкта түшүрүлөт.
Ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди. Бул жаңылануулар жарандар үчүн ыңгайлуулукту арттырып, убакытты үнөмдөөгө, документтердин коопсуздугун жогорулатууга жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталууда.
Кыскасы, азыр керектүү справкаларды мындай кой, үйүңдөн отуруп алып эле паспорт, айдоочулук күбөлүктү алып, унааңды онлайн сатып, өзүңө алган унааны онлайн каттатып, ал тургай жакында турак-жайды да онлайн документтештире турган учурга жеттик. Байкап жатабыз, калкты тейлөө борборлорунда мурдагыдай убакытты алган узун кезектер дээрлик жок. Анткени, коомчулук кол телефону аркылуу эле керектүү кызматтарды пайдаланууга массалык түрдө өтө баштады. Бул үчүн дагы Каныбек мырзага ыраазычылык айтсак ашыктык кылбайт. Эч кандай популизмге барбай, чыгып алып мактанбай, унчукпастан талыкпаган мээнет менен гана аткарып койду. Мындайча айтканда, ал мыкты куруучу, мыкты менеджер, мыкты реформатор экенин иш жүзүндө тастыктады. Албетте, булар дагы чек эмес, Президент дагы тапшырмаларды берип, Туманбаевдеги катылып жаткан жөндөмдөрдү ача бериши керек.
Кылычбек Кудайбергенов

