"Эркин-Тоо"

Турак-жайды өрттөн сактоо эрежелери

Көпчүлүк үйлөргө газ түтүктөрү киргизилип, кеңири колдонулууда. Электр буюмдарынын түрү көбөйгөн сайын электр энергиясы дагы көбүрөөк пайдаланылууда. Мунун жакшы жактары көп, бирок терс жактарын да эстей жүргөнүбүз оң.

Газ, светти колдонууда коопсуздук эрежелерин бузган учурда өрт чыгуу коркунучу жаралат. Элдин көбү коопсуздук эрежелерине анчейин маани беришпейт. Ошондуктан коомдук имараттарга караганда жеке үйлөрдө өрт кырсыгы көп катталат. Өрттүн кесепетинен үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдардын өмүрүнө дагы коркунуч жаралган жагдайлар кездешет.

Өрттү өчүргөнгө караганда анын алдын алуу жеңил.Өз үйүңүзду өрт коркунучунан коопсуз кылуу менен сиз өзүңүздүн жакындарыңыздын өмүрлөрүн жана үй-мүлкүңүздү да коркунучтан алыстатасыз.

Кантип өрттүн алдын алууга  болот?

Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл.

  • Иштелип жаткан электр приборлорун көзөмөлсүз калтырбаңыз;
  • Бузук розетка, вилкаларды колдонбоңуз;
  • Газ приборлорун орнотууда, оңдоодо адистерге гана ишениңиз;
  • Жылытуу сезону башталаарда мешиңизди текшерип,бузулган жерлерин ондоңуз;
  • Эгер өрттү байкап калсаңыз, ошол замат 101 номери аркылуу Өрткө каршы кызматына чалып эмне күйүп жатканын, толук дарегин, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди билдириңиз;
  • Эгер кимдир бирөөгө коркунуч туулганын байкасаңыз, жакын жердеги кишилерди жардамга чакырыңыз.

 

Мураталы уулу Рысбек,

Биринчи май райондук

ӨКБ  Өрттү өчүрүү жана алдын алуу

бөлүмчөсүнүн улук офицери,  улук  лейтенант

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!