"Эркин-Тоо"

Турак-жайды өрттөн сактоо эрежелери

Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болот.

Ыргытылган тамеки калдыгы, электр түйүндөргө сайылган боюнча унутулуп калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундай маани берилбеген жагдайлардан улам орду толгус кырсыктар келип чыгат . Өрттүн кесепетинен үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдардын өмүрүнө дагы коркунуч жаралган жагдайлар кездешет.

Кантип өрттүн алдын алууга  болот?

Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо керек.

  • Балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз;
  • тиричилике керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз;
  • Электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз;
  • Ачык күйгөн от менен бөлмөнү жылытпаңыз, электр жана газ шаймандарын түнкүсүн же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербеңиз;

Өрт учурунда эмне кылуу керек?

  • Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо;
  • адамдарды сактап, биринчи жардамды көрсөтүү;
  • колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү;
  • материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо.

  Бишкек ш., Биринчи май райондук ӨКБ 

Өрттү өчүрүү жана алдын алуу

бөлүмчөсүнүн улук офицери, 

улук  лейтенант Мураталы уулу Р.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!